Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын өкүлдөрү Дүйнөлүк банкка ар бир өлкөгө 500 млн доллардан бөлүп берүү өтүнүчү менен кат жөнөтүшкөн.
«Жазында аталган банк менен Стамбулда дагы бир жолугушуу өтөт. “Камбар-Ата-1” ГЭСинин каржы булагы чечилди деп айтсак болот», — деди министр Ибраев.

