Ирандагы башаламандыкта жай жарандарды жана полиция менен Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кызматкерлерин кошкондо жарым миңден көбүрөөк киши каза тапкан. Бул туурасында РИА Новостиге аталган өлкөнүн коопсуздук күчтөрүндөгү маалымат булактар айтып беришкен.
«Беш күн ичинде тартип сактоочулар менен элдин 500дөн ашыгы көз жумду. Мындан сырткары, жүздөгөн жаран жаракат алды», — деген агенттик менен аңгемелешкен адам.
Анын айтымында, полиция менен Ислам революциясынын сакчылар корпусунун, «Басиж» күчтөрүнүн 110 кызматкери, андан сырткары, өтүп бара жаткан жай адамдар, коомдук транспорттогулар каза тапты. Булардын ичинде балдар, аялдар жана талоончулук кылгандар бар.
«Соода жайларынын ээлерине, дүкөндөрдүн сатуучуларына, кампадагыларга, транспорттук компанияларга, өкмөттүк мекемелерге, коопсуздук күчтөрү менен полиция объектилерине кол салуулар болду», — дешкен маалымат берген киши.
Ал ок атылып, колго атайын жасалган заттар жарылып, бычак жана айыл чарбадагы бычактар колдонулганын айтып, нааразылыкка чыккандар полицияны кагылышка тукуруп, буга башкалар да аракет кылганын кошумчалаган.

