Орусияда коронавирустун бардык түрүнө каршы мурунга чачылуучу жана укол түрүндөгү жаңы вакцина чыкты


Гамалея борборунун адистери коронавируска каршы вируска окшош бөлүкчөлөрдөн турган эки жаңы мультиваленттүү вакцинаны сунушташты. Препараттар эки түрдө — мурунга спрей катары чачуу жана кадимки ийне саюу аркылуу колдонууга ылайыкталып, организмде инфекциянын ар кандай варианттарына каршы күчтүү коргонуу жаратат.

Курамындагы өзгөчө белоктордун жардамы менен вакцина вирус канчалык мутацияга учураса да өз таасирин жоготпойт. Иштеп чыгуучулар дары колдонууга толук даяр экенин жана жакында аны массалык өндүрүшкө чыгаруу мерчемделип жатканын маалымдашты.