Чехиянын борбору Прага шаарында эки жүргүнчү поезди кагылышып, 46 адам жабыркады. Алардын төртөө оор абалда ооруканага жеткирилгенин Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун Прага шаарынын Прага-3 районунда болгон. Поезддер Сейфертова көчөсүнүн үстүндөгү темир жол көпүрөсүндө кагылышкан.
Эки поезд тең жай ылдамдыкта жүрүп баратканы айтылат. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр, дарыгерлер жана полиция кызматкерлери тартылган.
Кырсыктан улам темир жол каттамдары үзгүлтүккө учураган. Куткаруу иштери аяктагандан кийин, болжол менен эки сааттан соң поезддердин кыймылы жарым-жартылай калыбына келтирилген.
Айрым поезддердин каттамы Прага-Высочаны жана Прага-Либень станцияларынан башталып же аяктаса, кээ бирлери Прага-Голешовице станциясы аркылуу багытталган. Ошондой эле жүргүнчүлөргө “Чех темир жолдору” компаниясынын билеттерин метро, трамвай жана автобустардын айрым каттамдарында пайдаланууга уруксат берилген.
Белгилей кетсек, темир жол компаниясы кырсыкка кабылган эки поезддин жүргүнчүлөрүнө ден соолугуна келтирилген зыян жана материалдык чыгым үчүн компенсация төлөнөрүн билдирген.

