Жаратылыш ресурстары министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жырткыч кушту табигый жашоо чөйрөсүнө кайтарды. Буга чейин карчыга облустагы айылдардын бирине учуп кирип, жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.
Инспекторлор кушту кароо жүргүзүү үчүн алып кетишип, адис текшергенден кийин анын жаракаты жок экени аныкталган. Карчыга тоолуу аймактагы өзүнө ылайыктуу табигый чөйрөсүнө ийгиликтүү кое берилди.
Министрлик мыйзамга ылайык жапайы жаныбарларды жана канаттууларды мыйзамсыз кармоого, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүүгө тыюу салынарын эскертти. Жарандар калктуу конуштарда жапайы жаныбарларды көргөндө адистерге кайрылып, өз алдынча кармап калбоого чакырылды.

