Бүгүн, 13-февралда ЖК депутаттары Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, жактырышты.
Эске салсак, 11-февралда президенттин жарлыгы менен Мамкуруш агенттиги өзүнчө Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп түзүлүп, министрдин милдетин аткаруучу болуп Орунтаев дайындалган.