Таш-Дөбө айылында 52 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды


Окуя маркумдун үйүндөгү кечки ичимдик ичүүдөн кийин болгон.

Милициянын маалыматы боюнча, чогуу ичип отурган компаниянын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган. Натыйжада үй ээси каза болуп, дагы бир аял жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Шектүүлөрдүн бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экинчиси изделүүдө. «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.