Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы аянтында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган жарманке өтүүдө.
Жарманкеде сатуучулар өзүбүздө өндүрүлгөн сапаттуу азык-түлүктөрдү базар баасынан арзан сатышууда. Мисалы эттин баасы 600 сомдон башталат. Ал эми башка товарлар өндүрүштүк баада коюлган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги учурда өлкөдө негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок жана кору жетиштүү экендигин билдирет. Жарманке өлкөнүн бардык аймактарында атайын графикке ылайык өтүп турат.

