Кара-Көлдө суу сактоочу кампадан өрт чыгып, бир киши каза болду


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Ак-Кыя-1 көчөсүндө жайгашкан суу сактагычтын кампасынын күзөт бөлмөсүнөн өрт чыккан.

Өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин, саат 09:46да шаардык №94 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Тилсиз жоо саат 10:09да толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болгон, учурда анын өздүгү такталууда. Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатат.