Баткенде окуучу балдар мушташып, бири ооруканага түшкөн


Баткенде 18 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр мушташып, бири көкүрөккө бычак жеген. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 8-февралда болжол менен таңкы саат 7:30да болгон. Жаракат алган 17 жаштагы бала оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганы айтылды.
Милиция «Денеге атайын залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.