Бишкекте баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды


Бишкекте баңгизат сатып жүрүүгө шектелген жаран кармалып, тинтүү учурунда 18,7 грамм белгисиз зат табылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү Свердлов РИИБге баңгизаттарды сатып жаткан адамдар жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкектин Карагач көчөсүнүн аймагынан 1997-жылы туулган А.Ж., аттуу шектүү аныкталып кармалган. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Тинтүү учурунда шектүүдөн 11 даана спецификалык жыты бар белгисиз заттар табылган. Анын жалпы салмагы таңгагы менен 18,7 граммды түзгөн. Шектүүнүн көрсөтмөсүндө, аталган заттар “Гашиш” аттуу баңгизаттар экендиги, аларды социалдык тармагындагы интернет дүкөндөрү аркылуу сатып алгандыгын билдирген», — деп жазылат маалыматта.

Учурда, алынган баңгизаттар соттук-эксперттик кызматына жөнөтүлүп, тергөө амалдары улантылууда.