Кайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн, 27-январда, жаңы орун басар Тышкы иштер министрлигинин жамаатына тааныштырылды. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Турсункуловдун тажрыйбасы өлкөнүн эл аралык байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Кайрат Турсункулов 2009-жылдан бери ТИМдин тутумунда иштеп келет. Ал өкмөттүк аппаратта жана Кыргызстандын Германиядагы, Австриядагы, Бельгиядагы элчиликтеринде эмгектенип, 1-класстагы кеңешчи дипломатиялык рангына ээ.

