Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну, фермер Бото Күрөңкеевди кабыл алды.
Жолугушууда фермер Бото Күрөңкеев үй-бүлөсү 1980-жылдардан бери үзгүлтүксүз төө багып келе жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө бул тармакты мындан ары өнүктүрүү жана Нарын облусунан башка аймактарга жайылтуу максатында демилгелерди көтөрүп жатканын билдирди. Ата жолун улаган фермер төө чарбачылыгы өлкө үчүн экономикалык жана экологиялык жактан пайдалуу багыт экенин баса белгиледи.
Министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев төө чарбачылыгын өнүктүрүүнүн келечеги, мал башын көбөйтүү, продукцияны кайра иштетүү жана рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышып, бул багытта мамлекеттик колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Маалыматка ылайык, төөнүн эркеги 400–500 килограммга чейин эт берет. Ошондой эле төө жүнүнө ички жана тышкы рынокто суроо-талап жогору. Төө жүнүнөн токулган жана тигилген кийим-кечелер, дарылык касиетке ээ болгон буюмдар учурда активдүү сатылууда.
Адистердин айтымында, төө 40 күнгө чейин суу ичпей чыдай алат, 40 градус суукка жана 50 градус ысыкка туруктуу болуп, жылдын төрт мезгилинде эти менен сүтү пайдаланууга даяр болгон уникалдуу мал катары бааланат.
Бул демилге өлкөдө унутулуп бара жаткан төө чарбачылыгын кайра жандандырууга, мал чарба тармагын диверсификациялоого жана айыл жергесинде жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болору белгиленди.

