Маалыматка ылайык, 2-февралдан тарта өлкө боюнча рейддик иш-чаралар башталат. Алар бардык такси унааларында жана таксисттерде лицензиянын бар-жогун текшерүүгө багытталат. Укук коргоо органдары таксомотордук ишмердүүлүктү лицензиялоо боюнча мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөп, мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартат.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 7 миңден ашуун жеке такси айдоочулары — жеке ишкерлер жана 300дөн ашык таксопарктар лицензия алышкан.
ЖКККББ айдоочуларды документтерди акыркы күнгө калтырбай, белгиленген мөөнөткө чейин лицензияны расмий түрдө алып коюуга чакырат. Бул рейддер башталгандан кийин айып пулдардан жана ишмердүүлүккө коюлуучу чектөөлөрдөн сактанууга жардам берет.
Билдирүүнү көрүү саны: 128

