Кара-Кулжа районунда КРдин Кызыл китебине кирген бүркүттү үй шартында мыйзамсыз багуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, бул боюнча маалымат 27-январда түшкөн.
Кызматтын инспекторлору, NABU уюмунун жана «Барс-2» тобунун өкүлдөрү катышкан иш-чарада укук бузуу тастыкталды. Жаранга карата 262-1-берене боюнча протокол түзүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Текшерүүдөн кийин бүркүт дени сак деп табылып, табигый жашоо чөйрөсүнө кое берилди. Мекеме жапайы жаныбарларды уруксатсыз кармоого мыйзам тыюу салганын эскертти.

