Кыргызстанда 950 миңден ашык бала жакырчылыктын чегинен төмөн жашайт


Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдардын арасында жакырчылыктын деңгээли 33%ды түзүп, көп балалуу үй-бүлөлөрдө өзгөчө жогору бойдон калууда. 30-январда Жогорку Кеңеште Эдил Байсалов 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашай турганын айтып, бул көрсөткүчтү өлкө үчүн «өтө жаман» деп атады.

Анын маалыматына ылайык, жылына киши башына 65 417 сомдон төмөн кирешеси барлар жакыр деп эсептелет. Өлкө боюнча жалпы деңгээл пандемия учурунда 30%га чейин жетип, өткөн жылдын орто ченинде 25,7% болгон, учурда 25%дын тегерегинде.

Байсалов жакырчылык жылына орточо 2%га гана азайып жатканын белгилеп, алдыдагы жылдары көрсөткүчтү 15–20%га түшүрүү пландалып жатканын кошумчалады. Ошондой эле 1-январга карата калк 7,7 млн адамдан ашып, анын 57%ы элетте жашай турганын айтты.