Чүй облустук милициясы «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча иш козголуп, кылмышка шектелген 17 жаштагы Р.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-январда №3 мектепте эки окуучу чатакташып, окуу жайдын аймагынан чыгып мушташканы айтылган.
Арыз ээсинин айтымында, мушташтан кийин 16 жаштагы Д.Ч. оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, кийин Бишкектеги ооруканада көз жумган.
«Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында 2008-жылы туулган жашы жете элек Р.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул окуядан улам мектеп директоруна сөгүш жарыяланып, соцпедагог иштен алынган. Тергөө иштери ИИМ менен РИИБ жетекчилигинин көзөмөлүндө.