ИИМ, Дары-дармек каражаттары департаменти жана фармкомпаниялардын өкүлдөрү «дарыканадагы баңгиликти» алдын алуу чараларын талкуулашты. Негизги максат — психотроптук заттардын медициналык эмес максаттарда колдонулушуна жол бербөө.
Жолугушууда төмөнкү талаптар белгиленди:
— Дары-дармектерди эсепке алуу, сактоо жана отчеттуулук эрежелерин так сактоо;
— Күчтүү таасир этүүчү дарыларды берүүдө көзөмөлдү күчөтүү;
— Көз карандылык менен күрөшүүдө мекемелер аралык кызматташууну өнүктүрүү.
ИИМ өкүлдөрү компания жетекчилерине дары-дармектердин жүгүртүү тартибин бузгандыгы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертишти.

