Апрель айында Ош — Кашкар авиакаттамын ачуу пландалууда


«Манас» эл аралык аэропортунун жана Кытайдын COMAC авиакурулуш корпорациясынын өкүлдөрү жаңы эл аралык каттамды ачуу маселесин талкуулашты. Учуулар Chengdu Airlines авиакомпаниясынын COMAC C909 учактары менен ишке ашырылары күтүлүүдө.

Долбоор Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорттук каттамды чыңдоого, ошондой эле соода-экономикалык жана туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.