2025-жылдын 18-ноябрында Москва райондук ички иштер бөлүмүнө бир жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 27-октябрында А. аттуу жаран «сатып алам» деп убада берип, баасы 250 миң сомдук «Мерседес-Бенц 124» үлгүсүндөгү унаасын алып, ошол бойдон из жашырып кеткен.
Бул факт каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1992-жылы туулган М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү унааны үчүнчү тараптарга сатып жибергени аныкталган. Унаа табылып, заттык далил катары алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Кармалган жарандын аракеттеринен жабыркагандар болсо, Москва райондук ички иштер бөлүмүнө же төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот: 0312 60-77-27, 0701 15-96-54.

