Жети-Өгүздө аңчылар киши бою келген карышкырдын үч дөбөтүн атып алышкан


Аңчы Кантемир Байзаков иниси экөө малчылардын кайрылуусу менен ар бири 50 килодон жогору көк жалдарды атканын белгилеген.

“1-февралда Жети-Өгүздүн Ак-Шыйрак өрөөнүндө карышкырлар малга тийип жатканын айтып, чабандар кайрылышкан”, — деген ал Turmush басылмасына.

Белгилей кетчү жагдай, соңку убакта жырткычтар айылдарга чейин түшүп жаткандыктан, маморгандар жана жергиликтүү бийлик ар бир атылган жырткыч үчүн акча төлөп берип келет.