Мектептеги рекетчиликтен кийин 26 милиция кызматкери иштен алынды


Бишкек шаарынын жана Ош облусунун 26 милиция кызматкери ишиндеги шалаакылыгы жана кемчилиги үчүн жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Мектептердеги чыр-чатактан улам эки баланын өлүмү менен коштолгон окуялардан кийин ИИМде кеңешме өтүп, жыйынтыгында төмөнкү кызматкерлер иштен алынды:
Ленин РИИБинин жетекчисинин орун басары Нарис Кыдырбаев;
№2 ШМБнын башчысы Талгат Бердибеков жана анын орун басары Айдар Асакеев;
жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы Акылбек Абдимуталов;
Кара-Суу РИИБинин башчысы Тилек Өмүралиев жана анын орун басары Сталбек Суюнов;
аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Муратбек Айтиев.
Мындан тышкары, милдеттерине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн Ленин РИИБинин жана Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБинин 19 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.