Бүгүн күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +6…+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +7…+12, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8 градус жылуу болсо, Нарында -2…-7 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +9…+11 градуска чейин жетет.

