Журналист Нарын Айыпты акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү


Бишкекте белгилүү журналист Нарын Айыпты (Идинов Нарынбек Айыпович) акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, саясатчылар, журналисттер жана жакын туугандары катышып, эскеришти.

Журналист Нарын Айып 13-февралда Бишкекте дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланган.