Бишкектеги 72-мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шектелип 16 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-февраль күнү аларга А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 21-январь күнү, 15 жаштагы А.А. аттуу уулуна мектептин дааратканасынан 9-класстын окуучусу Т.И. денесине жаракат келтиргенин жазылган. Мындан тышкары, анын кесепетинен уулу эс-учун жоготуп Улуттук кардиология борборуна жаткырылып, 4-февраль күнү ооруканада каза болгондугун билдирген.
Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү Т. И. 8-класстын окуучуларынан акча талап кылгандыгы аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130 (ден соолукка оор залал келтирүү) жана 208 (опузалап талап кылуу) беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын негизинде 16 жаштагы Т.И. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө уланууда.