АКШ президентинин атайын өкүлү Серджио Гор Кыргызстанга келди


Кыргызстанга иш сапары менен Америка Кошмо Штаттарынын президентинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор келди.

ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуулар пландалууда.

Мындан тышкары, АКШ президентинин атайын өкүлү Серджио Гор 4–5-февралда Бишкек шаарында өтө турган «Борбордук Азия – АКШ» (B5+1) экономикалык форумуна катышат.