Садыр Жапаров АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайык өкүлү, элчи Сержио Горду кабыл алды.
Ал Кыргызстанга кечээ иш сапары менен келген. Тараптар кыргыз-америка мамилелерин, саясат, санарип технологиялар жаатындагы маселелерди талкуулашты.
Жапаров соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү өлкөнүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Гор кезегинде АКШ Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди. Жолугушууда виза маселеси көтөрүлгөн-көтөрүлбөгөнү айтылган жок.

