9–11-февраль күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бир нече депутаттар менен Түркияга расмий сапар менен барат. Сапар Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен уюштурулууда.
Парламенттин маалыматына ылайык, сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, Нуман Куртулмуш менен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр да пландалган. Эске салсак, өткөн жылдын апрелинде Куртулмуш Кыргызстанга келип, тараптар кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

