Мектептерде жашы жете электер менен иштөөчү инспекциянын кабинеттери ачылат


Кыргызстандын мектептеринде жашы жете электер менен иштөөчү инспекциянын кабинеттери ачылат. Мындай чечимге Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева келишти.

Бул ата-энелер жана мугалимдер үчүн инспекторлордун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Конфликттик кырдаалга жол бербөө процессин тездетип, буллингди, зомбулукту жана мыйзамсыз иштерди аныктоого мүмкүндүк берет күтүлүүдө.