Аксы райондук Суу чарба башкармалыгы тарабынан 2025–2026-жылдардагы сугат суу мезгилине даярдыктардын алкагында Кашка-Суу айыл аймагында Сөгөт жана Кара-Төбө айылдарын сугат суу менен камсыз кылууга багытталган ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.
Аталган маселе 3-Элдик Курултайдын жүрүшүндө көтөрүлүп, мамлекет тарабынан колдоого алынган. Натыйжада республикалык бюджеттин тиешелүү каражат бөлүнүп, долбоорду ишке ашыруу Аксы райондук Суу чарба башкармалыгына жүктөлгөн.
2025-жылы белгиленген тартипке ылайык курулуш иштери башталып, учурда иштер графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында заманбап талаптарга жооп берген сугат суу тутуму курулуп, анын ичинде диаметри 350–250 мм болгон суу түтүкчөлөрү орнотулуп, алардын жалпы узундугу 16 чакырымды түзөт.
“Кашка-Суу” сугат суу бөлүмүнүн курулушун 2026-жылдын май айында толук аяктап, ошол эле жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштери аяктагандан кийин Сөгөт жана Кара-Төбө айылдарындагы 500 гектар айдоо жери туруктуу сугат суу менен камсыздалып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, дыйкан чарбаларынын кирешесин арттырууга жана сугат суу тартыштыгын жоюуга өбөлгө түзөт.
Аксы райондук Суу чарба башкармалыгы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоор райондун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, калктын жашоо-турмуш шартын жакшыртууга жана жалпы социалдык-экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошот деп белгиленет.

