Бүгүн күндүз республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +10…+15, Талас аймагында +8…+13, Баткенде +9…+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +4…+9 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -1…-6 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.

