Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган Марлен Маматалиев тажрыйбасын жана күчүн эл үчүн, мамлекет үчүн жумшай турганын билдирди. Ал бардык депутаттар менен бир команда болуп иштеп, өлкөдө жүрүп жаткан реформаларга парламент мындан ары да колдоо көрсөтөрүн айтты.
Анын айтымында, эл аманат кылып берген мандатты жоготууга болбойт. «Биздин мамлекетибиз бир. Аны бөлүп-жарууга жол бербейбиз», — деп белгиледи төрага. Ошондой эле ал керектүү мыйзамдарды кабыл алып, аткарылышын көзөмөлдөөгө жана парламент ишин жакшыртууда санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурууга убада берди.

