Мындай билдирүүнү анын тарапташы Нургазы Анаркулов таратты.
Ал интернет желесинде «Ташиев келеби же келбейби деп түрдүү божомолдор айтылып жатканын белгилеген.
«Камчыбек Ташиев дарылануусу толук аягына чыкпаганына карабастан, кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга эртең менен келет. Ал тарапташтарына “эч ким мени тосуп алууга келбесин» деген суранычын билдирди», — деп жазган Анаркулов.

