Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Сапардын алкагында Бишкекте кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу пландалууда. Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары борбор калаадагы инфраструктуралык объекттерге барышат.

