Нургазы Анаркулов: Коомчулуктагы ар кандай суроолорго чекит коюш үчүн Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрөт


УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев кечээ түндө Германиядагы дарылануусун токтотуп Кыргызстанга учуп келди. Социалдык тармактардагы «Жакында Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, бардык суроолорго ачык жооп берет экен» деген маалыматтарга Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын бири, белгилүү журналист Нургазы Анаркулов жооп берди:

– Ооба азыр кырдаал оор болуп турат. Коомчулуктагы ар кандай суроолорго чекит коюш үчүн Камчыбек Кыдыршаевич маалымат жыйынын өткөрөт. Ага бардык журналисттер чакырылат, ошол жактан суроолорунуздарга ачык жана так, жооп алсаныздар болот, – деди Анаркулов.

Эскерте кетсек, жакынкы күндөрү Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйыны өткөрүлүп, ага бардык журналисттер чакырылары белгилүү болду.