Анталияда көргөзмө өттү


2026-жылдын 4–8-февралында Түркиянын Анталия шаарында суу биоресурстарын өстүрүү боюнча 11-илимий-практикалык семинар жана Аквакультура боюнча 1-эл аралык көргөзмө болуп өттү.

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын төмөнкү балык чарба субъекттери катышты:

🔹 «Аква Пром» ЖЧКсы

🔹 «Эфтар Агро Комплекс» ЖЧКсы

🔹 «Салих и Ко» ЖЧКсы

🔹 ошондой эле өзүнүн тоют продукциясын сунуштаган BioJem заводу.

Аталган субъекттер көргөзмөдө өз продукцияларын көргөзүштү.

Алардын  арасында:

🔹 балык жана деңиз азыктары, анын ичинде форель икрасы жана ышталган балык азыктары;

🔹 аквакультура үчүн атайын тоюттар;

Алгачкы жолу семинар эл аралык көргөзмө менен биргеликте өткөрүлүп, көптөгөн өлкөлөрдөн катышуучуларды, илимдин, бизнестин, инвесторлордун, мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту

Аквакультура туруктуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун, экономикалык өнүгүүнүн маанилүү факторлорунун бири, ошондой эле жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун багыты катары каралууда.