Бүгүн Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Рахманкулов Ысык-Ата районунун эли менен жолугушуу иш-чарасынын алкагында Кең-Булун айыл аймагынын эли менен жолугушту.
Кең-Булуң айыл аймагына 7 айыл кирет, ар улуттан түзүлгөн калкынын саны 26977 адамды түзөт.


Жолугушууда Кең-Булун айыл аймагынын башчысы З.Тентимишова 2025-жылы карата аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.
2025-жылы Кең-Булун айыл аймагында ачылган бир катар ишканаларды белгилөө менен 2026-жылга коюлган максаттары, пландаган иштерине токтолуп кетти.
Жарандардын кайрылуулары негизинен таза суу, жеке турак жай курууга жер тилкелери, жолдордун абалы тууралуу маселелер айтылды.
Өз кезегинде Алмазбек Рахманкулович бардык суроого жооп берип, жеке турак жай куруугу жер тилкеси тууралуу маселеге кеңири токтолуп, Ысык-Ата районуна Мамлекеттик ипотекалык компаниясы турак-жай курула тургандыгын жана жер тилкесине кезекке тургандар, ошол кезеги менен турак-жай алууга мүмкүнчүлүктөрү болорун белгиледи.
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Рахманкулов райондун бардык айыл аймактарына барып, мындан ары эл менен жолугушуусу улана тургандыгын билдирди.

