Эрлан Шеров Европа кубогунда алтын медаль жеңди


Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Ljubljana European Open-2026 ачык Европа кубогунда алтын медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештер 14-15-февраль күндөрү Словениянын борбору Любляна шаарында өттү.

Турнирге 45 мамлекеттен 513 спортчу катышты.

Эрлан Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, финалдык беттеште россиялык Давид Карапетянды утуп, мелдештин чемпиону аталды.