Бирөөнүн көчөдө турган унаасын сатып салган шектүү кармалды


Окуя былтыр октябрда Бишкекте болгон. KIA PIKANTO унаасынын ээси көлүгүн көчөгө токтотуп, өзү Караколго кеткен. Ал жактан келгенде машинасын таппай калган.

Милиция кылмышка шектүүнү таап, ал автокөлүктү 80 миң сомго сатып жибергенин аныктаган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.