Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду


Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Сыргабаев Абсаттар Токтогулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Абсаттар Сыргабаев 2024-жылдын июль айынан бери транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеп келаткан.