Бир жашар бөбөк ойноп жатып мончок жутуп алган. Ата-энеси ал катуу жөтөлүп, аба жетпей, эриндери көгөрүп кеткенин айтып, Эне жана баланы коргоо борборуна алып барышкан.
Ак халатчандар баланын оң тараптагы бронхуна кетип калган мончокту алып чыгып, өмүрүн сактап калышты.

