Бүгүн күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас аймагында +12…+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14…+19, Ысык-Көл өрөөнүндө +6…+11, Нарын жергесинде +1…+6 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарларында +16…+18 градуска чейин көтөрүлөт.

