Бишкек шаардык УКМКнын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун жакын адамы кармалды


Бул тууралуу ЖМКлар күч органдарындагы булактарына таянып билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 16-февралда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын кызматкери «Пито» деген каймана аты менен белгилүү болгон Дүйшөнбиев Сыдыкты кармашкан.

Ал УКМКнын 6-башкармалыгында иштеп, 15-февралда камакка алынган. Бишкек шаардык УКМКнын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун жакын адамы болгондугу белгилүү.

14-февралда УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси алмашты. Элдар Жакыпбековдун ордуна Улан Бийбосунов дайындалды. 15-февралда Жакыпбеков кармалды.