Бишкекте Киркоров жана Басковдун катышуусунда чоң программадагы концерт өтөт


23-февраль – Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата Бишкектеги Ала-Тоо аянтында концерт өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Концертке Кыргызстан жана Россиянын эстрада жылдыздары, атап айтканда Филипп Киркоров, Zivert, Tasso, Мирбек Атабеков, Николай Басков, Слава, Стас Михайлов, Жылдыз Осмоналиева, Омар, Гүлзада Рыскулова, Игорь Воронцов жана Аксай катышат.

Иш-чаранын алкагында 10 даана CHANGAN үлгүсүндөгү унаа, 10 даана iPhone 17 Pro смартфону жана 10 даана iPad планшети ойнотулат.

Лотереяга каттоо иш-чаранын жүрүшүндө жүргүзүлөт. Толук маалымат алуу үчүн шилтемеге өтүңүз.