Бишкекте Marjan de la mode мода иш-чарасы өттү. Ага стилист, дизайнер, ишкер жана мода сүйүүчүлөр катышты.

Уюштуруучулар маалымдашкандай, кечеде эл аралык мода эксперти, стилист жана Россиянын “Модный приговор” долбоорунун алып баруучусу Лилия Рах жеке тажрыйбасы жана Борбор Азияда моданы өнүктүрүү боюнча көз карашы менен бөлүштү. Ал заманбап мода жана стиль ой жүгүртүү, аң-сезимдүү тандоодон башталарын белгиледи.
Аймактагы индустриянын өнүгүшү тууралуу сөз кылып жатып Рах fashion-маданият улуттук иденттүүлүк жана өлкөнүн эл аралык имиджинин маанилүү элементи экенин айтты.
“Fashion-маданият — өлкөнүн жүзү. Таланттуу дизайнерлерди колдоо — бул маданиятка жана мамлекеттин аброюна инвестиция. Стиль жана эстетика сабактарын киргизип, мода мектептерин өнүктүрүп, табитти бала кезден калыптандыруу керек. Борбор Азияда таанымал fashion-жүздү түзүү үчүн улуттук элементтерди дүйнөлүк тренд жана бренддер менен айкалыштыруу зарыл”, — дейт эксперт.
Иш-чарада катышуучуларга мода үйлөрүнүн жана люкс бренддердин мода көргөзмөсү көрсөтүлүп, баалуу белектер таратылды.
Marjan de la mode иш-чарасы Кыргызстандын fashion-коомчулугун өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу үчүн платформа түзүү жана жергиликтүү мода индустриясын эл аралык деңгээлге чыгарууга багытталган.

