Азыркы учурда интернет маалымат алуунун, билим берүүнүн жана байланыштын негизги каражаты болуп калды.
УКМКдан билдиришкендей, бирок айрым өспүрүмдөр интернет ресурстары аркылуу радикалдык уюмдарга, тактап айтканда, терроризмге жана экстремизмге кабылып жатышат.
Дистанциялык радикалдашуу – бул социалдык тармактар, мессенджерлер жана башка онлайн платформалар аркылуу жашы жете электердин аң-сезимине таасир этүү жолу менен мыйзамга каршы жана зордук-зомбулукту актаган көз караштарды калыптандыруу процесси.


Дистанциялык радикалдашуу жашыруун түрдө жүрөт. Өспүрүмдөр интернет аркылуу мыйзамга каршы үндөгөн материалдарды алып, аларды даңазалап, радикалдык идеологияны кармана баштайт. Айрым учурларда өспүрүмдөр интернет аркылуу жардыруучу түзүлүштөрдү даярдоону, башкача айтканда, өз алдынча жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу ыкмаларын үйрөнүшү мүмкүн. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлерине каршы кол салуу чакырыктарга туш болушат.
Мисалы, акыркы 6 ай аралыгында өспүрүмдөрдүн интернет аркылуу террористтик уюмдарга азгырылгандыгы боюнча УКМК тарабынан бир нече фактылар аныкталган. Алардын биринде өспүрүмдөр террористтик акт жасоого даярдык көрүп, жардыруучу түзүлүштөрдү жасоону өздөштүрүү стадиясында болсо, экинчилери жардыруучу түзүлүштү жасоо стадиясында кармалган. Бул көрүнүштөр өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп, мамлекеттин, коомдун тынчтыгына эбегейсиз зыян алып келиши мүмкүн.
КР мыйзамдарына ылайык, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүкө катышуу, аны жайылтуу же ага көмөк көрсөтүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мындай аракеттер жашы жете электердин өздөрүнө гана эмес, алардын ата-энелерине жана жакындарына олуттуу укуктук жана моралдык кесепеттерди алып келет.
Ата-энелер жана коом өспүрүмдөрдүн интернеттеги жүрүм-турумуна көңүл буруп, алар менен ачык баарлашуу жүргүзүүсү зарыл. Шектүү контент же жүрүм-турум байкалган учурда тиешелүү органдарга маалымдоо маанилүү.
Тактап айтканда, ата-энелер төмөнкү өзгөрүүлөргө көңүл буруусу зарыл:
- интернет оюндарына болгон активдүүлүгү күчөгөнү;
- жүрүм-турумдун кескин өзгөрүшү;
- үй-бүлө жана достор менен байланыштан алыстоо;
- диний агрессивдүү же радикалдуу көз караштарды билдирүү;
- белгисиз адамдар менен жашыруун онлайн байланышуу;
- күмөндүү сайттарга же жабык топторго кызыгуу;
- ата-энесине, бир туугандарына агрессия көрсөтүү;
- зордук-зомбулукту актаган билдирүүлөр орун алганда.
Бул белгилердин жыйындысы эмес, алардын ичинен кайсы бир белгиси байкалган учурда кайдыгер болбоо маанилүү. Эч ким мындай коркунучтан толук камсыздандырылган эмес, эч кимде кепилдик жок. Ар бир ата-эне бүгүнкү күндөн тартып өспүрүм балдарынын интернеттеги аракеттерине көңүл буруп, алар менен ачык сүйлөшүп, көзөмөл жүргүзүүсү зарыл.
Балдардын кооопсуздугу – жалпы жоопкерчилик, баарыбыздын милдетибиз. Биргелешкен аракет менен биз жаш муунду терс таасирлерден коргойлу.
УКМК жогоруда көрсөтүлгөн фактылар өспүрүмдөрдө байкалса тез арада жергиликтүү түзүмдөргө кайрылууга чакырат.

