Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова маданият кызматкерлеринин абалы боюнча кайрылуу жасады.
Эл өкүлү Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттеринин абалы менен жеринен таанышып келгенин билдирди. Анын айтымында, жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээлери болгон маданият өкүлдөрү өздөрүнүн жеке турак жайы жок болгондуктан, үй-бүлөсү менен оор турмуштук шартта жашап жатат. “Мисалы, Жеңиш Сманов, Гүлнара Сатарова, Аскар Качкынбаев, Бактияр Шаршенбаев, Канболот Атакан уулу сыяктуу артисттер эмгиче үйлөрү жок. Баарынан кызыгы булардын айлыгы ипотекалык үйлөрдү алууга жетпейт экен, эсептей келсе. 25 жыл эмгектенген актерлор алды 22000 сом, арты 12000-15000 сом айлык алышат. Ошондо бул артисттердин тагдыры кандай болот?”, — деп суроо салды депутат Махабат Мавлянова.
Депутат мамлекеттик театрларда эмгек кылган артисттердин, техникалык топтун кызматкерлеринин үй маселесин чечип, айлык акыларын көтөрүп беришибиз керек деп кошумчалады.

