Бишкек мэриясы объектинин мындан аркы тагдыры келерки жумада шаар куруу кеңешинде караларын билдирди.
Шаар бийлиги объектиге бир нече ирет барып, долбоордук документтерди жана шаар куруу нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
“Долбоорду тиешелүү документтерге жана шаар куруу талаптарына ылайык келтирүүгө чакырганбыз. Бирок ага карабастан курулуш иштери уланган”, — деди Айбек Жунушалиев.
Муниципалитет бул маселе боюнча текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен Курулуш министрлигине расмий кат жолдогон.

