Бишкек шаарындагы базарларда эт сатуу тартиби көзөмөлдө


Бишкек шаарындагы “Аламүдүн” базары, “Орто-Сай” жана “Дордой-Дыйкан” базарларынын аймактарында этти дүңүнөн саткан жайлар кадимки тартипте ишин улантууда. Соода таңкы саат 5:00–6:00 аралыгында башталып, шаар тургундарын жана ишкерлерди сапаттуу эт азыктары менен камсыз кылууда.
Базарларга алып келинген ар бир эт продукциясы милдеттүү түрдө ветеринардык текшерүүдөн өткөрүлөт. Сатууга уруксат берүү алдында жеринде иш алып барган ветеринардык лабораториянын кызматкерлери лаборатоиялык анализ жүргүзүп, малдын кайсы аймактан союлуп келгенин, тиешелүү коштоочу документтерин жана ветеринардык маалымкаттарын кылдат текшеришет.
Мындай көзөмөл чаралары калктын коопсуздугун камсыз кылууга, сапатсыз жана талапка жооп бербеген продукциялардын сатыкка чыгышына жол бербөөгө багытталган. Шаар аймагындагы базарларда санитардык-ветеринардык талаптарды сактоо боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.