Ош шаарында ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы тарабынан афган тектүү гашишти өзгөчө ири өлчөмдө саткан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголду. Тинтүү учурунда автоунаадан 101 грамм гашиш жана 155 миң сом табылды. Дагы бир шектүүнүн үйүнөн 4 кг 600 г гашиш, 2 граната, колго жасалган ок атуучу курал, 51 ок, 2 миң АКШ доллары жана 87 миң сом алынды. Жалпы 4 кг 706 г гашиш, 2 граната, 1 курал, 51 ок, 2 миң доллар жана 242 миң сом алынган. Үч шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

